Индонезияда полиция шектүүнү жылан менен коркутуп, күнөөсүн моюндаткан. Видео

Жазылуу
Полиция кызматкерлери телефон уурдады деген шек менен кармалган кишини чоң жылан менен коркутуп жаткан учуру тартылган видео интернетке чыгып кетти.

RT телеканалынын маалыматы боюнча окуя Папуа провинциясында болгон.

Душ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мас болгон америкалык моряк япониялык тургундун үйүнө кирип алып душка түшкөн
Видеону полиция кызматкерлеринин бири тартып алып, YouTube сайтына чыгарган. Анда укук коргоо орган өкүлдөрүнүн шектүүнүн мойнуна жыланды ороп, күнөөсүн моюнга алууга мажбурлап жатканын көрүүгө болот. Колу аркасына кишенделген киши коркконунан кыйкырган.

Чыккан видео социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрым активисттер полиция кызматкерлеринин кылыгын сындап, алардын иш билгилигинен шек санашты.

Окуядан кийин укук коргоо органдарынын өкүлү Тонни Ананда Свадайа элден кечирим сураган. Ал жылан уулуу эмес, колго көнгөн жылан болчу деп актанды.

"Аталган кызматкерлерге карата катуу чара көрдүк", — деди ал.

Видеодогу бардык кызматкерлер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, кызматынан төмөндөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0