Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу

Жазылуу
Бишкектин четинде бирден-бир зоот аттардын тукуму — першерондор багылат. Бул аттардын кулунун алам дегендер курсакта жатканда эле кезекке турушу керек. Чоңдорунун салмагы бир тоннадан ашса, бойлору 180-190 сантиметр. Аттардын наркы 10 миң доллардан тартып 25 миң долларга чейин. Першерондор менен улакка түшүп, көк бөрү ойношпойт. Артыкчылыгы — тукум алуу.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Новопокровка айылында жашаган саяпкер Исмаил Адаевдин першерон тукумундагы алп бээлерин жана атын тартып келди.

Адаев 20 жылдан бери Европадан асыл тукум аттарды ташып келип, Орто Азия мамлекеттерине сатып ишкерлик кылат. Ошондой эле өзү да жылкы тукумун көбөйтүү менен алек.

© Sputnik / Табылды КадырбековБул чаар аттын ысымы Буян. 8 жашта. Салмагы бир тоннадан ашса, бою 185 сантиметр
Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бул чаар аттын ысымы Буян. 8 жашта. Салмагы бир тоннадан ашса, бою 185 сантиметр

Алгач саяпкер короосунда багылып жаткан першерондордун бой-салмагы, теги, наркы тууралуу кеп кылды.

"Учурда менде першерон тукумундагы эки боз бээ, карала түстөгү першерон (шленск тукуму аралашкан), дагы бир бээ жана чаар ат бар. Бээлердин салмагы бир тоннага жакындаса, бойлору 180 сантиметр, ал эми карала бээники 190 сантиметр чыгат. Жаш курактары жетиде. Ал эми сегиз жаштагы Буян аттуу чаар аттын салмагы бир тоннадан да ашат, бою 185 сантиметр. Бээлерге ысым берилген эмес. Бардыгы Польшадан 2015-жылы үч жашында алып келинген", — деди жылкылардын ээси.

Адаевдин першерондорун сатып алууга ашыккандар көп. Бирок анын максаты — Кыргызстандагы асыл тукумдуу, бой-салмактуу аттардын катарын калыңдатып, жергиликтүү жылкылардын канын жаңыртуу.

© Sputnik / Табылды КадырбековКарала түстөгү першерондун (шленск тукуму аралашкан) салмагы бир тоннага жакындаса, бою 190 сантиметр
Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Карала түстөгү першерондун (шленск тукуму аралашкан) салмагы бир тоннага жакындаса, бою 190 сантиметр

"Ар кимдин өз баасы бар. Мен боз бээлерди 10 миң долларга, чаар атты 15 миң долларга, ал эми карала бээни 25 миң долларга баалап жатам. Бул аттардын кулундарын 5-6 ай кезинде алып кетишет. Бирок ага чейин кезекке туруп койгон болушат. Орточо баасы 100 миң сом. Бээнин тукумуна карап да баасы өзгөрөт. Бөтөнчө Өзбекстан, Тажикстан жана Афганистандан суроо-талап күч. Першерондордон тукум улаганга ашыгышат. Ал эми сүттү, этти, албетте, мол берет. Күчтүү, чыдамкай болгондуктан чарба жумуштарына да иштетсе болот. Бирок биз андай иштерге кыйбайбыз", — деди Адаев.

© Sputnik / Табылды КадырбековПершерон тукумундагы боз бээлер 7 жашта. Салмактары тоннадан ашса, бойлору 180 сантиметр
Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Першерон тукумундагы боз бээлер 7 жашта. Салмактары тоннадан ашса, бойлору 180 сантиметр

Ал кошумчалагандай, першерондор менен улакка түшүп, көк бөрү ойношпойт. Тагыраагы, бул жылкынын басыгы жай. Адаев буларды башка тукум менен аргындаштырса, топту жыра өтүп, байгеден куру калбаган күчтүү аргымактар чыгарын айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0