Тобу менен шаар аралаган ак аюулар. Желип-жорткон жырткычтардын видеосу

Жазылуу
Архангельск облусунун жетекчилиги Жаңы Жер архипелагына өзгөчө кырдаал киргизди.

НТВ телеканалынын маалыматы боюнча тобу менен жүргөн ак аюулар эл жашаган аймакка 2018-жылдын декабрынан тарта кирип келе баштаган. Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, Белушья Губа аймагында 52 ак аюу жүрөт. Жырткыч жаныбарлар үйлөрдүн подъезддерине чейин кирип келген учурлар катталган. Кишилерге кол салгандары да болгон. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

Охота рыси на сурка и волк с ягненком в пасти — видео из заповедника КР - Sputnik Кыргызстан
Сүлөөсүнгө жем болгон суур, элеңдеген коен, энесин ээрчиген мамалактар. Видео

Балдар бакчаларынын айланасына кошумча тосмолор орнотулду. Аскерлер менен жумушчулар иш ордуна атайын транспорт менен барып, аймак көзөмөлгө алынууда. Бирок мындай ыкмалар жыйынтык бербей келет. Ак аюулар аларды кууган автоунаанын жарыгына жана сигналдарына көнүп калышкан.

Аймактык өкмөттүн сайтындагы маалымат боюнча Россиянын Жаратылышты коргоо федералдык кызматы жаалданган жырткычтарды атууга уруксат берген эмес. Андыктан ыкчам топ абалдын кооптуулугун баалоо үчүн архипелагга жөнөп кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0