23:24 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452

Кыргызстан менен Россиянын президенттери бейформал түрдө жолукту. Путин свитер кийген болсо, Жээнбеков галстук тагынган эмес.

Өлкө башчылары 9-февралда Сочи шаарында жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун, ошондой эле Путиндин март айынын аягында Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапарынын айрым учурларын талкуулашкан.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок абдан мазмундуу иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.

"Биз эми Кыргызстанда март айынын аягында боло турчу кийинки жолугушууга даярданабыз жана сөзсүз түрдө экономикалык кызматташуу маселелери, ЕАЭБди бекемдөөнүн биргелешкен аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Иштей турган маселелер арбын. Биз жалпы бажылык контурду коргоо боюнча маселелерди талкууладык. Россия Кыргызстанга тийиштүү жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрдү. Миграциялык саясат Кыргызстан үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүп турабыз", — деди Путин.

Ал талкууланган бардык маселелер боюнча бир жарым айдын ичинде кеңири иштер жүргүзүлүп, Кыргызстанда марттын аягында боло турчу жолугушууларда алардын жыйынтыкталарына үмүтүн билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо эки тараптуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

"Кыргызстан чыдамсыздык менен Сиздин келишиңизди күтүп жатат. Бул биз үчүн абдан маанилүү саясий окуя болуп эсептелет. Биз ар дайым Сизди Кыргызстанда тосууга кубанычтабыз, Сиз менен болгон жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыктын көптөгөн маселелери чечилет. Эки тараптуу кызматташтыктын маселелеринин оң чечилишин колдогонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.

Жээнбеков ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын тарыхый достугун жогору баалай турганын айтты.

Тема боюнча

Жээнбеков Путин менен Сочиде жолукту. Ортодо эмне кеп болду?
Жээнбеков Кыргызстанга келе турган Путин менен телефондон сүйлөштү
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, Владимир Путин, Кыргызстан, Россия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ