Каракчыдан коргонуп, кесиптешин бычакка тосуп берген соодагердин видеосу

Жазылуу
Дарыгерлер жабырлануучунун жаракатын алты жеринен тиккен.

Таиландда дүкөндүн сатуучусу бычак кармаган каракчыдан коргонуу үчүн кесиптешин тосо калган.

Даллас шаарынын полиция Департаменти соцтармакка ишке ашпай калган уурулуктун видеосун таратты. - Sputnik Кыргызстан
Уурулар уят болгондо! Кымырып бараткан телевизор автоунаага батпай калган видео

Окуя өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан Накхонратчасима провинциясындагы Сида шаарында болгон. Видеону LiveLeak видеопорталы жарыялады.

Кадрда көрүнүп тургандай, беткапчан ууру сатуучуларды бычак менен коркуткан. Аялдардын бири качканы жөнөгөндө кесиптеши аны белден кармап токтотуп, алдына тосо калган. Натыйжада каракчы аны ичке бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жаракатын алты жеринен тикти.

Жаңылыктар түрмөгү
0