Жети атасын билген жана билбеген депутаттар. Видео сурамжылоо

Жазылуу
Ар бир кыргыз баласы жети атасын билүүсү кажет. Анткени эркек киши ата-тегин унутпай, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүү! Sputnik Кыргызстан агенттиги өз урпактарынын эле эмес, бүтүндөй элдин тагдырын чечип жаткан депутаттардын жети атасын сурап көрдү.

Мамытбай Салымбековдун уулу — Курманбек Осмоновдун кызы - Sputnik Кыргызстан
Кыз алышып-беришкен саясатчы кудалар. Депутаттардан президенттерге чейин
Эл өкүлдөрүнө микрофон сунганда, албетте, жети атасын жаңылбай айткандар болду. Бирок кээ бирлери үч-төрт атасына чейин гана атап бере алса, айрымдары такыр эле айтуудан баш тартты.

Сурамжылоого катышкан башка улуттагы депутаттар да аларда жети атаны билүү шарт экенин белгилешти.

Ал эми Рыскелди Момбеков эгер адам бир гана жети атасын эмес, жетимиш атасын билсе, саясатты эле эмес, санжыраны кошо билсе, ошондо гана таза кандуу чыныгы кыргыз болорун айтып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0