Рыскелди Момбеков саламаттык сактоо министрин зекиди. Видео

Жазылуу
Момбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент эки министрдин — Жамшитбек Калилов менен Космосбек Чолпонбаевдин кемчилигин баса белгилегенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жалпы жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кызматтан кетүүгө жардам берерин айтып, ишинен кетип калса президентке, премьерге, элге да жакшы болорун айтты.

"Өкмөткө өнөкөт болуп калды. Мына 2016-жылы Замирбек Айдаров деген транспорт министри China road компаниясынын жолтандабасын минип кызматтан кеткен. "Өнүгүү" фракциясы ушундай талап койгон. Кийин Дүйшөнбек Зилалиев дагы Кытайдын "То Лун" деген компаниясынын жолтандабасын минип, ал дагы кызматтан кеткен. Ал эми бул киши (Космосбек Чолпонбаев, саламаттык сактоо министри — ред.) эмне үчүн кызматтан кетпей отурат", — деп парламенттеги өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылды.

Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу - Sputnik Кыргызстан
Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу
Момбеков ошондой эле Коопсуздук кеңештин жыйынында президент эки министрдин — Жамшитбек Калилов менен Космосбек Чолпонбаевдин кемчилигин баса белгилегенин кошумчалады.

Депутат ага кошумча Жамшитбек Калилов моралдык жоопкерчилик алдым деп кетип калганын, бирок Космосбек Чолпонбаев кете албай жүргөнүн айтты. Андан сырткары, ушундай чатактын башында жүрүп, министрликтин башында отурганы ылайыксыз экенин билдирди.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасы Марат Калиев ар бири 5,6 миллион сомдук эки автоунаа сатып алганын депутаттар айтып чыгышкан. Бул нерсе өз кезегинде коомдо дагы түрдүү пикирлерди жараткан болчу. Аталган машиналар Дүйнөлүк банк бөлгөн гранттын эсебинен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0