Күткөн эл, курчоого алынган аэропорт. "Манаста" бомба изделип жаткандагы видео

Жазылуу
Бүгүн, 5-февралда, белгисиз бирөө эл аралык "Манас" аба майданына бомба коюлганы туурасында кабарлаган.

Операция правоохранительных органов Киргизии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Бишкектен бомба табылган жок. Стратегиялык жайлар текшерилип жатат
Маалымат Кыргызстандагы авиакомпаниялардын электрондук почтасына 14.41де келген. Катта аны жардыруу үчүн таймер колдонулаары жазылган. Жүргүнчүлөрдү жана аэропорттун кызматкерлери коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми милиция аэропорттун администрациясы менен биргеликте автобус алып келип, эвакуацияланган адамдар ичинде жылынып турду.Текшерүү иштеринде атайын кызмат бомба тапкан жок. Аэропорт өз нугунда саат 17:40тан тарта иштеп баштады. Жалган кабардын кесепетинен улам үч каттам кечигип учту.

УКМК телефондук террорчуну издөөнү баштады. Алдын ала алынган маалыматтарда жарылгыч зат боюнча маалымат чет өлкөдөн келген.

Ал арада Бишкектин эки жеринде бомба коюлду деген кабар тарады. Андан көп өтпөй, эл аралык "Ош" аба майданы текшерүүгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0