Астанада өз үйүндө өрттөн көз жумган 5 бир тууган жерге берилди. Видео

Жазылуу
Казакстандын борбор калаасында турак жайы өрттөнүп каза болгон беш бир тууган кыздар менен коштошууга миңдей адам келди. Тилсиз жоонун кесепетинен бир үй-бүлө Карина, Алина, Сабина, Мадина жана Альбина атуу кыздарынан ажырап калган.

Келгендер бөбөктөрдүн ата-энесине көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшкөн. Ошондой эле Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана премьер-министр Бакытжан Сагинтаев дагы көңүл айткан. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. 

Представитель акима Астаны заплакала, говоря о 5 девочках, сгоревших заживо. Видео - Sputnik Кыргызстан
Астанада беш бир туугандын өлүмүн кабарлаган маалымат катчы ыйлап жиберди. Видео
Белгилей кетсек, дүйшөмбүгө караган түнү Астананын Көктал-1 конушунда времянка үй өрттөнүп кеткен. Мунун кесепетинен бир үй-бүлө беш баласынан ажырап калды. Алардын баары кыздар, эң улуусу 13 жашта, кичүүсү болгону үч айлык экени айтылды. Өрт түнкү саат 2-3төр чамасында чыгып, ичиндегилерди куткарууга мүмкүн болбой калган. Бул учурда балдардын ата-энеси жумушта болгон. Апасы пластикалык карта чыгарган заводдо эмгектенчү, ал эми атасы унаа оңдоочу жайда иштеген. Үй-бүлө Астанада 10 жылдан бери жашап жатканы айтылды.

Бир тууган кыздардын сөөгү бүгүн, 5-февралда, жерге берилип, алардын тажиясын шаар бийлиги мойнуна алган.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча меште күйүп жаткан от үйгө жайылып, балдар иске ууланып көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0