Урма аспапчынын таягы ыргып оркестердеги кыздын башына тийгенде. Күлкүлүү видео

Жазылуу
Музыканттар интеллигенттүү, маданияттуу келет деп билишет. Бирок кээде алар да башкалар сыяктуу жаңылып оңтойсуз абалга туш болушат. Жада калса жипке тизген шурудай болушу керек делген симфониялык музыка концертинде дагы мүдүрүлүп кетишет.

Танец гимнастки из США потряс соцсети — видео набрало 32 млн просмотров - Sputnik Кыргызстан
Сөөгү жок го! Жаркылдаган гимнаст кыздын интернетти жарган бийинин видеосу
Интернет айдыңында дал ушундай видео тараганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Кадрдан көрүнгөндөй, берилүү менен литавра аспабында ойноп жаткан кишинин жыгач таягы колунан ыргып кетип артында турган музыкант кыздын башына тийген. Байкуш кыз башын кармаган бойдон сахна артына чуркап кеткен. Ал эми ыңгайсыз болуп калган музыкант аспабын ургулоону улантууга аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0