Бразилияда адам өмүрүн алган дамбанын жарылышы. Үрөй учурган видео

Жазылуу
Дамба 25-январь күнү эртең менен жарылып, ылай суу административдик имараттар менен тургундардын үйлөрүн көздөй аккан. Ошол маалда авариялык эскерткич да иштеген эмес.

Минас-Жерайс штатындагы кырсыктын видеосун The Gurdian басылмасы жарыялады. Анда дамба жарылып, ылай суунун катуу ылдамдыкта акканын көрүүгө болот.

Ал эми "Известия" басылмасы өзгөчө кырдаалда 115 адам каза болуп, анын ичинен 71 адамдын гана өздүгү аныкталгандыгын жазып чыкты. Мындан сырткары, 248 жергиликтүү тургун дайынсыз болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0