Айсулуу Тыныбекова Франциядагы ири мелдеште алтын алды. Кармаштын видеосу

Жазылуу
Францияда олимпиада оюндарынын чемпиону Анри Дегландын жаркын элесине арналган гран-при мелдеши өтүүдө.

Спорттук иш-чара 1-февралда башталып 3-февралда соңуна чыгат. Бул тууралуу Франциянын күрөш федерациясынан билдиришти.

Анда Тыныбекова 62 килограмм салмакка чейинки кыз-келиндер менен күч сынашып, финалда франциялык Полин Лекарпентьени утуп алды.

Беттештин видеосун Франциянын күрөш федерациясы жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0