05:23 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Видео

Согушкерлердин аялдары тууралуу репортажда кыргызстандык кыздын паспорту көрсөтүлдү

Кыскача шилтеме алуу
975 0 0

Франциялык France24 телеканалы "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринин аялдары жана балдары тууралуу эксклюзивдүү репортаж жасады.

Кадрлар "Ислам мамлекетинин" террорчулары Сириянын түндүк-чыгыш тарабындагы акыркы таянычынан артка кайтып бара жаткандагы башаламандык учурунда тартылган. Ал жерде согушкерлердин үй-бүлөлөрүн көрүүгө болот.

Журналисттер өздөрүн Казакстан, Россия, Франция, Түркия жана башка мамлекеттерденбиз деп тааныштырган адамдар менен маектешти. Алардын көбү араб тилин билбегендиктен орусча, жада калса французча жооп берип жатканы угулат.

Өзүн согушкердин жубайымын деп тааныштырган келин Кыргызстандын паспортун көрсөттү. Андагы маалыматка караганда, паспорт ээси ушул жылдын 17-январь күнү 30 жашка чыккан.

Репортаждын негизги каарманы болгон франциялык аял террордук уюмдарга жардам бергендиги үчүн сыртынан камакка алынган.

"Менин күйөөм медик, ал согушкер эмес. Бирок биз мекенибизге кайта албайбыз. Анткени барсак эле өмүрүбүздүн акыркы күнүнө чейин абакка отурабыз", — деди ал.

Эске салсак, былтыр ирак соту "Ислам мамлекети" менен байланышы бар деп 28 аялды өлүм жазасына тарткан. Алардын арасында үч кыргызстандык бар экени айтылган.

Тема боюнча

Иракта кыргызстандык үч келинди өлүм жазасына тартуу өкүмү чыкты
Белгилер:
үй-бүлө, террорчу, паспорт, жаран, Кыргызстан, Сирия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ