Уурулар уят болгондо! Кымырып бараткан телевизор автоунаага батпай калган видео

Жазылуу
Даллас шаарынын Полиция департаменти соцтармакка ишке ашпай калган уурулуктун видеосун таратты.

Ал учур YouTube каналына жайгаштырылган.

Уурулардын биринчиси экинчисин капыстан жыга чаап алды. Жылмаюу чакырган видео - Sputnik Кыргызстан
Уурулардын биринчиси экинчисин капыстан жыга чаап алды. Жылмаюу чакырган видео
Видеодон эки жаш жигит капкара жолтандабас менен эшиктин алдына келип токтоп, шапа-шупа үйгө кирип, чакан тиричилик техникасын көтөрүп чыккан. Экинчи ирет каттап, көлөмдүү телевизорду алып чыгып, жолтандабаска салууга аракет кылганы менен ал батпай койгон. Салонго, андан кийин багажга салууга жасаган аракети текке кеткен.

Акыры шаабайы сууган уурулар телевизорду кайрадан үйгө алып кирип, андан ары жолун улаган. Маалыматта полиция уурдалган жолтандабасты коңшу кварталдан тапканы, ал эми колу туткактар изделип жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0