"Манас" аэропортуна бараткан жолдо автоунаа күйүп кетти. Өрт учурундагы видео

Жазылуу
Милициянын алдын ала маалыматы боюнча Lada Priora үлгүсүндөгү унаа күйгөн.

Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда жеңил автоунаа күйүп кетти. Бул туурасында күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады. 

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 26-январда, саат 14.00дөр чамасында Дача СУ айылы тарапта болгон. 

“Окуя болгон жерде ӨКМдин жана милиция кызматкерлери иштеп жатты. Бизге эч ким жаракат албаганын айтышты. Өрт эмнеден улам чыкканы белгисиз”, — деди күбө. 

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча Lada Priora үлгүсүндөгү унаа күйгөнүн билдирди. Жаракат алгандар болгон жок, башка унааларга да зыян келтирилген эмес. 

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз, тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0