Финпол: ишкерден Mercedes талап кылып жаткан салыкчылар кармалды. Видео

Жазылуу
Коркутуп-үркүтүүнүн айынан ишкер инспекторлордун биринин тууганына өз автоунаасын каттатып берген.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) Салык кызматынын Жалал-Абад облусундагы райондук бөлүмүндөгү коррупциялык схеманын бетин ачты.

Коррупция в министерстве МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Паракорлукка шектелип ИИМдин азыркы жана мурдагы кызматкерлери кармалды
Маалыматка караганда, бөлүм башчы менен эки салык инспектору карыз болуп калган жеке ишкерден алгач 50 миң сом, андан соң Mercedes Benz унаасын берүүсүн талап кылган.

Коркутуп-үркүтүүнүн айынан ишкер инспекторлордун биринин тууганына өз автоунаасын каттатып берген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине ("Пара талап кылуу") ылайык кылмыш иши козголду. Шектелүүчүлөр кармалды.

Учурда Финпол Жалал-Абад облустук салык кызматындагы башка коррупциялык иштерди иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0