Транспорт министрлигин коррупциядан арылтам! Бейшеновдун дымактуу убадасы видеодо

Жазылуу
Транспорт жана жолдор министри кызматына аттанып жаткан Жанат Бейшенов министрликтин бүт эле жагында көйгөй бар дейт. Мындай пикирин Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жактыргандан кийин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бейшенов мекемени коррупциядан арылтууга убада берип, алгачкы ишин да ушул нерседен баштай турганын айтты.

"Биринчи кезекте эмгек жамаат менен таанышып план түзөбүз. Биз биринчиден коррупцияга каршы комплекстүү программаны иштеп чыгабыз. Жаңы технологияларды киргизүү боюнча иштейбиз. Бул министрликтин — авиация, жол, транспорт, бардык тармагында көйгөйлөр бар. Бирөөнү чоң, бирөөнү кичине деп айта албайбыз. Мен коррупциядан арылта алам, коомдо "коррупциялашкан министрлик" деген сөз болбой калат деп ишенем", — деди Бейшенов.

Аткаминер аны кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү чакырганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков футболчуларга сыйлык тапшырып, ыраазылыгын айтты
Мурдагы министр Жамшитбек Калилов орун басары коррупцияга айыпталып кармалгандан кийин отставкага кеткен. Бир айдан бери Жеңишбек Ногойбаев министрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан

Жанат Бейшенов 2006-2007-жылдары аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштеген. 2014-жылы премьер-министрдин кеңешчиси, ал эми 2017-жылдан тарта Евразиялык экономикалык кеңештин Транспорт жана инфраструктура департаментинин темир жол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0