05:41 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452

Буга чейин фильмдин бет ачары өткөн.

"Манас" эпосундагы беделдүү Көкөтөйдүн ашы эпизодунун негизинде тартылган "Улуу аш" анимациялык тасмасы жалпы журтчулуктун назарына коюлганын фильмдин продюсери, "Нарк" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов айтып берди.

Декабрдын башында тасманын бет ачары болуп өткөн

Байымбетовдун айтымында, сценарий белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" романынын негизинде жазылган.

Тасма кыргыздын байлык-кутун кармаган, мал дүйнөсү жайнаган Көкөтөй хандын көз жумган жеринен башталат. Андан соң журт атасы атанган кишинин ашын Каркыра жайлоосунда өткөрүп, ага төгөрөктүн төрт бурчунан түгөл баарын чакыруу бүтүмү чыгат. Ашка дос-тууган эле эмес, Алооке, Нескара, Коңурбай баштаган кара кытай миң-сан жоокери менен келип түшөт.

Аш ээсинин кадырына түкүрүп, чатак чыгарат. Ошондо көкжал Манас "чапчу кытай сен эмес, чабылчу кыргыз мен эмес" деп, кас душмандын сазайын берет. Күчү тең келбесин билген манжулар бас-бас болуп, аштын шааниси башталат.

Аягында көсөм Бакай жыйын куруп, "билбегенге Көкөтөйдүн ашы көп чатактын ашы, билгенге кырк уруу кыргызды бириктирген башы болду, ар-намысыбыз, кан-жаныбыз бир экенин билинди, мындан ары урааныбыз "Манас" болсун, "Кыргыз" болсун" деп бүтүм чыгарат.

Тасманын сценарийин Айбек Байымбетов менен Салтанат Кыдырмаева жазган. Режиссердукту Татьяна Зеленская аркаласа, сүрөтүн Зеленская менен кошо Татьяна Дедикова тарткан. Анимация, монтаж жана үн эффектилери Егор Танковго таандык. Музыкасын Айжамал Алибаева, Мунара Көрпөтаева менен Акай Айдаралиевдер жазды. Ал эми үндү Нурлан Саладинов менен Атай Өмүрбеков коштогон.

Тасма 6,5 мүнөткө созулат.

Тема боюнча

Келдибек, Балыкооз баштаган 5 манасчы тууралуу тасмалар даяр болду
Айбек Байымбетов: "Манас" эпосун ар бир кыргыздын телефонуна салып беребиз
Белгилер:
Манас эпосу, "Теңири Манас" романы, Айбек Байымбетов, Ашып Жакыпбеков

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ