Футболчуларды аба майдандан эл кантип тосуп алды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы татыктуу оюн көргөзүп өз өлкөсүндө баатыр аталышты.

Бириккен Араб Эмирлигиндеги Азия кубогуна катышкан улуттук команда бүгүн таңкы саат 5.00дөр чамасында Бишкекке келди.

Келсе коон союп майрамдайбыз! Арабдарга гол киргизген Турсуналинин жакындары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Келсе коон союп майрамдайбыз! Арабдарга гол киргизген Турсуналинин жакындары. Видео
Аларды "Манас" аба майданынан биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган бийлик өкүлдөрү, күйөрмандар жана журналисттер тосуп алышты. Кыргызстандыктар футболчуларын сыймыктануу менен кабыл алып, кыйкырык-сүрөөн менен алкап жатышты. Ар биринен автограф алып, селфи жасаганга да жетишишти.

Спортчуларды тосуп алуу, башкача айтканда, күйөрмандар менен жолугушуу иш-чарасы бүгүн саат 15.00дө "Ала-Тоо" аянтында өтөт.

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 3:2 эсебинде утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0