Кулакчынды алып, капюшонду чеч! Жол чийинден өтүүдөгү 7 эреже. Видео

Жазылуу
Жакында эле Ахунбаев менен Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишинде Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаа жолдон өтүп бараткан кишини коюп кеткен видео жарыяланды. Анда жол чийинден өтүп бара жаткан адам биринчи унаа токтогон соң катуу ылдамдыкта келе жаткан кийинки унааны байкабай чуркап өтүп кетүүгө аракет кылган.

Мындай учур өлкөдө биринчи жолу катталган жок. Айрымдар көчөдөн эки жагын карабай, кулакчынын албай же кийинки унааны байкабай өтүп кетип, өз өмүрүнө коркунуч туудурууда.

Жолду өтүп бараткан аттын коюстюмун кийген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маалкатпай тез өтчү! Жөө жүргүнчүлөр кыжырды кайнатканда
Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын видеоматериал даярдады. Анда ЖКККББ маалымат катчысы Тилек Оторов жол чийинден же өткөөлдөн өтүүнүн эрежесин айтып берди.

Шашпаш керек. Жөө адам жол чийинге келгенде дароо эле өтүп кетпей, унаалар ылдамдыгын азайтканын байкап, көзү жеткенден кийин гана кыймылды башташ керек. Алгач сол жагын карап биринчи катардагы унаалар токтогон соң кийинки катардагы машиналардын токтогонун көрүп туруп, анан өтүшү зарыл. Андан соң оң жагындагы унааларды сөзсүз карап өткөнү оң.

Чуркабайт. Өткөөлдөн эч качан чуркап өтпөш керек. Шашып бараткан күндө дагы эки жакты жакшылап карап, андан соң өтүңүз. Такыр эле шашпай басып алган да жол эрежесинин этикасына жатпайт.

Кулакчын менен өтпөйт. Кулакчын тагынган адам унаа кандай ылдамдыкта келе жатканын байкабай калат. Анчалык эле музыка уккуңуз келип жатса, үнүн азайтып бир жак кулакчынды алып коюш керек. Колдон келсе, чечип өткөн дурус болот.

Капюшон кийген болбойт. Өткөөлдөн өтүүдө копюшон дагы чоң роль ойнойт. Аны кийип алгандан кийин каптал жакты жакшы көрө албайсың, экинчиден эч нерсе угулбай калат. Ошондуктан кырсыктан оолак болом десеңиз, бир мүнөткө капюшонду чечип эле туруңуз. Андан кулак-башты үшүк деле алып кетпейт.

Спорттук көнүгүү жасап жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Машыкчу жерди тааптыр! Бишкекте жөө адам өтчү жол чийиндеги видео
Баланы алдыга кое бербейт. Балдар менен жолдон өтүүдө сөзсүз алардын колунан бекем кармаш керек. Артка да калтырып салбай, өзү менен тең алып өтүү дурус.

Жол чыракты эске алгыла. Калаанын айрым жерлеринде светофор да, жол чийин да кездешкен жолдор бар. Бул учурда жөө адам сөзсүз биринчи жол чыракты караш керек.

Караңгы жерден белги бериш керек. Караңгыда жарык жок айрым көчөлөрдөгү жол чийинден өтүп баратканда кийимиңиздин чагылышып күйүп турган элементи жок болсо, телефондун жарыгын күйгүзүп, унааны каратып, аларга белги берип өтүңүз. Бул да болсо сактануунун бир жолу.

Жаңылыктар түрмөгү
0