"Атыш керек", "Не деген шумдук". Депутаттар педофилдерге жеңилдетилген жаза боюнча

Жазылуу
1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодексте балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө карата жаза жумшарган.

Эски кодекстеги 129-берене. Зордуктоо жашы жете электерге карата жасалганда кылмышкер 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Жаңы кодексте бул 161-берене болуп кеткен. Зордуктоо үчүн жаза 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин жумшартылган. (Мында 5-7 жыл кыскарган!)

Эски кодекстеги 129-берене. Жаш адамга (жаш адам — кичинекей бала. Бул сөз Кылмыш кодексинен өзгөртүүсүз алып берилди — ред.) карата жасалганда 20 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.

Жаңы кодексте  12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, же болбосо өмүр бою эркинен ажыратууга жазаланат деп ырайым кылынган. (Мында 7 жыл төрт ай кыскарган!)

Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Соттор эми бала зордуктагандардын жазасын жумшартат. Жаңы мыйзам
Бул кыргыз коомчулугунда чуу жаратып, ал тургай Жогорку Кеңештин кароосунан каршылыксыз өтүп кеткени депутаттардын ишмердүүлүгүнүн беделин болуп көрбөгөндөй түшүргөн окуялардын бири болуп калды.

Бийлик өкүлдөрү соттук-укуктук реформалар гумандуулукка багытталган деген пикирлерди айтышкан. Карай келгенде ал "гумандуулук" жашы жете электер менен таптакыр эле кичинекей бөбөктөргө да тиешелүү экендигин аңдоого болот.

Киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирин билип көрдү.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев чындыгында бир топ оор кылмыштардын санкциялары азайтылып калганын айтты.

"Анын арасында адам өлтүргөндөр, мамлекетке кылмыш кылгандар, мамлекеттин кызыкчылыгын саткандар жана жаш балдарга зөөкүрчүлүк кылгандар бар. Алардын санкциясын 15 жылдан ашырбай койдук. Ушунун бардыгы кичине ойлонулбай жеңилдетилип калган. Өтө оор кылмыштарга жаза абдан жогорку санкция менен каралышы керек", — дед ал.

Абдылдаев андан сырткары өз маалында 20 жылга чейин жаза берүүнү калтыруу маселесин көтөргөнүн кошумчалады.

Эл өкүлү Зарылбек Рысалиев мыйзамда каралган жаза мөөнөтү гумандуулук делип азайтылып калганына токтолду. Ал эми балдарды кордогондорду "атыш керек" деген пикирин билдирди.

Камчыбек Жолдошбаев балдар эле эмес адамга зомбулук жасагандарга каралчу жаза катаал болушу керектигин айтты.

"Жакшы жаза берилбесе ал токтобойт. Жаза мөөнөтү көп болуп, айып пул да арбын салынышы керек", — деди депутат.

Жогорку Кеңеш уят болдук! Депутаттар жаңы кодекстер тууралуу. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш уят болдук! Депутаттар жаңы кодекстер тууралуу. Видео
Ал эми Кожобек Рыспаев бул мыйзам батыштан алынганына токтолду.

"Эксперттер акчасына эле карап эле иштеп чыгышкан. Негизи менталитетке, динге басым жасоо зарыл эле.  Мындай иштерге баргандарга (балдарды кордогондорго – ред.) катуу жаза караш керек. Бул да кетирилген мүчүлүштүк, аны оңдош керек. Педофилге 10 жыл жаза берүү деген эмне деген шумдук!!! Аларды өмүр бою кесиш керек", — деди ал.

Өз кезегинде депутат Талант Мамытов жаңы мыйзамды сөзсүз карап чыгуу керектигин айтты.

"Мыйзамдар азыркыдай абалда калтырылат дегенден алыс болуш керек. Жаш балдарды кордоо оор кылмыштардын катарына кирет. Биз аны сөзсүз карап чыгышыбыз керек. Андыктан ушундай нерселерди карап чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлүп жатат", — дейт эл өкүлү.

Дастан Бекешев жаңы кодексте гуманизация боюнча көп нормалар көрсөтүлгөнүн айтып, анын арты менен башка кылмыш аракеттери да гуманизация болуп калганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0