Жогорку Кеңеш уят болдук! Депутаттар жаңы кодекстер тууралуу. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы кабыл алынган кодекстердеги кемчиликтерди талкуулоодо. Парламентарийлер өкмөт менен кошо уят болгондугун өздөрү моюнга алып жатышат.

Борьба с пьянством за рулем в КР - Sputnik Кыргызстан
Мас айдоочулар катуу жазаланбай калабы? Жаңы мыйзамдагы карама-каршылыктар
ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева жыйын учурунда вице-премьер Жеңиш Разаковдон Эреже бузуу кодекси туурасында капталынан суроо салды.

Ал эмне үчүн айып жаңы кодексте саатына 20дан 39 чакырымга чейин жүрсө — 1000 сом, ал эми дагы бир чакырым жүрсө — 7 500 сомго чыгарын сурады. Депутат муну юридикалык казус деп атады.

Разаков бул суроону эксперттик жумушчу топко сала берди кылып кутулду.

Жооп берүү үчүн парламенттик укук боюнча эксперт Гулмира Маткеримова чыгып, сүйлөөр алдында бир жагдайга басым жасады.

"Мындай маселелер адатта пленардык жыйында, комитеттик тартипте каралат. Чынын айтканда, парламентарийлер бизди качан чакырып, бул суроолорду талкуулайт деп күтүп жатабыз. Сиздерге мурда эле келип, кеп-кеңештерди берели дегенбиз. Комитетте бизге сөз берген бирөө жок. Ал укукту колдон талашып алууга аргасыз болуп жатабыз", — деди эксперт.

Сот залындагы Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми бардык ишти райондук сот чечеби? Жаңы мыйзамдардын эмне артыкчылыгы бар
Анын айтымына караганда, кодексти иштеп чыгууга төрт топтон турган 114 эксперт катышкан. Алар комитеттин жыйынына келип, депутаттарга консультация берүүгө даяр болчу.

"Эксперттер менен кошулуп кеп-кеңеш берүүнү сунуштаганда эч кимдин уккусу келген жок. Мен парламентте эксперттерге өтө кемсинткен мамиле жасалганын көрүп жатам", — деди Маткеримова.

Эксперт депутат Сурабалдиева берген суроону эл өкүлдөрүнө жолдогусу келип турганын билдирди.

Буга жооп иретинде Сурабалдиева эч кимди күнөөлөбөй тургандыгын айтты.

"Бул жерде айтайын дегеним, эксперттер, өкмөт гана эмес, парламент да бүт өлкөгө уят болдук. Муну моюнга алышыбыз керек, калп эле талаша бергендин кереги жок", — деди парламентарий.

Жыйында бул катаны "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев да мойнуна алды.

Эске салсак, Кодекстердин жаңыланган версиясы өзүнчө эмес, топтому менен кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0