Эмнеге 10-класстын окуучусу дейсиз! Депутат менен Жогорку сот төрайымынын акыйнеги

Жазылуу
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кайым айтыша кетти.

Эл өкүлү мыйзам боюнча 2020-жылдын 1-январынан баштап Бишкек шаары жана Ош облусунда Сот арачылары институту ишке кириши керек экенин айтып, ага карата даярдыктар кандай жүрүп жатканын сураган.

"Сот арачылары жөнүндө мыйзам эчак эле кабыл алынган. Эрежелери ошол жакта жазылган. Эң биринчи бизге имараттар керек, кошумча курулуштар 2019-жылга киргизилип жатат. Сот арачыларын окутуу биздин милдетке кирбейт. Биз аларды кабыл ала турган өзүбүздүн кызматкерлерди окутабыз. Сот арачылардын тизмесин жергиликтүү орган түзөт. Каражаттарды болсо 2019-2020-жылга да көрсөткөнбүз. Бул боюнча Каржы министрлиги да билет", — деп жооп берди Калиева.

Бул жоопко канааттанбаган депутат: "Жогорку соттун төрайымы бир пунктту да айта албайт, муну 10-класстын окуучусу да билмек",- деп сындады.

ЖК депутаты Айтмамат Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Эреже бузуулар кодексин иштеп чыккандар "эмгек сиңирген" юрист болушту
Андан соң Калиева: "Мыктыбек Юсупович, кечирип коюңуз, бири-биризге сынтаккан туура эмес. Баарыбыз мамлекеттик кызматкербиз. Этиканы сакташыбыз керек. Эмне үчүн 10-класстын окуучусу деп айтып жатасыз? Менден кандай жоопту угушуңуз керек болчу?" — деп жооп кайтарды.

"Ушул берене боюнча өкмөт менен Жогору сот иш-чара уюштуруп, биринчиден каражат бөлдүртүп, экинчиден жооптуу кызматкерлерди дайындап, сот арачыларына аралаша турган адамдарды окутуп иштей турган мекемелерди даярдап, анан чечим чыгардык дешиңиз керек эле. Анын бири да айтылган жок. Бул мыйзам кабыл алынганына эки жыл болду, аны карап коюш керек болчу", — деди депутат.

Абдылдаев Жогорку соттун төрайымын сынды туура кабыл алууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0