Балдар менен кошо бийлеп көнүгүү жасаган Кытайдагы мектеп жетекчиси. Видео

Жазылуу
Кытайдагы Xi Guan башталгыч мектептин жетекчиси танапис учурунда балдар менен кошо бийлеп, интернет колдонуучуларын суктантты.

South China Morning Post басылмасы билдиргендей, 40 жаштагы директор Чжан Пэнфэй ар бир танапис сайын окуучулар менен кошо шаңдуу ырга бийлегенче, алар менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайт.

Бул өлкөнүн бийлиги ар бир мектепке танаписте дене тарбия көнүгүүлөрү милдеттүү түрдө жасалсын деген талап койгон. Пэнфэй талапка бир аз өзгөртүүлөрдү киргизип, көнүгүүлөрдү шаңдуу жана жандуу уюштурууну чечкен. Анткени ал балдар көнүгүүлөрдү көңүлсүз, эптеп жасап жатканын байкаган.

"Бий убакытты пайдалуу жана шаңдуу өткөрүүгө жардам берет", — деген жетекчи.

Музыка, бий коштолгон жетекчинин мындай көнүгүүлөрү окуучуларга эле эмес, дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучуларына да жаккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0