Цирк кызматкерлери Ак үй алдына нааразылык акциясына чыгышты. Түз эфир аяктады

Жазылуу
Цирктин жамааты кызматтан кетүүнү чечип, Бишкектин борборунда оюн уюштурушту.

Труппа жетекчиси Данияр Бөлөкбаевдин айтымында, 39 адамдын 34ү жумуштан кетип жатат. Алар цирктин жетекчилигине жаачы Аида Акматованын келишин талап кылышууда.

"Биз ачык асман алдында оюн уюштуруу менен циркке жетекчи дайындоодогу интригаларга нааразы экенибизди билдирүүнү туура көрдүк", — деди Бөлөкбаев.

Анын айтымында, аталган жайдын жетекчилигине көп талапкер болгондуктан, Маданият министрлиги труппа көрсөткөн талапкерди бул орунга бекитип бере албай жатат.

Митингге чыккандар алардын талабын президент Сооронбай Жээнбеков өзү угуусун көздөп жатканын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0