11:03 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Видео

Түркияда 500 миң долларлык хан сарайлар курулган айыл ээн калды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
384102

Түркияда бардар туристтер үчүн негизделип The Burj Al Babas деп аталган айыл ушу тапта бош турат.

Курулуш компаниясы банкрот болду деп таанылгандан кийин 587 хан сарай ээн үйгө айланды. Бул долбоорду ишке ашырууга 200 миллион доллар кеткен. Андагы ар бир үй 400-500 миң долларга бааланган.

Жүздөгөн хан сарайларды араб өлкөлөрүндөгү кардарларга сатууга жетишишкен. Бирок кийинчерээк алар алуудан баш тартып коюшканы айтылат. Буга нефтинин баасы төмөндөп кеткени себеп болушу мүмкүн.

Эми аны курган компания аларга банкрот макамын бергендердин үстүнөн даттанып, долбоорду кайра калыбына келтирүү ниетинде жүрөт.

Тема боюнча

Көчөсү бош калган ажайып мрамор шаар. Ашхабаддан алган таасирлер
Белгилер:
сарай, компания, банкрот, айыл, Түркия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ