11:41 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Видео

Эстелик, ээн талаа, селкинчек... Учак кулаган Дача СУнун азыркы көрүнүшү

Кыскача шилтеме алуу
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (221)
565 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Дача СУдагы каргашалуу кырсык 73 үйдү түп-тамыры менен жок кылып, 39 адамдын өмүрүн алган. Азырынча бул жайда жаңы отургузулган көчөттөр менен орнотула элек селкинчектен башка эч нерсе жок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Дача СУдагы жүк ташуучу учак кулаган жайдын азыркы көрүнүшүн тартып келди.

Былтыр апаат болгон жайдан өйдөрөөк, айылдын баш жагына каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылган. Ал эми каргашадан кыйраган 73 үйдүн ордун сейил бакка айландыруу пландалып жаткан.

Учак кырсыгынан жабыркагандар тарабынан түзүлгөн демилгечи топтун төрайымы Венера Шейшенованын айтымында, ал жайга күн жылууда 1000ге чукул көчөт отургузулган.

Видеодон ал көчөттөр чала-була эле көрүнүүдө. Ошондой эле орнотула эле темир селкинчектерден башка ал жайда чоң өзгөрүү деле жок. Айылдын учак кулаган тарабында кыйраган үйлөрдүн арасынан эки кабаттуу бир эле там эч нерсе болгон эмес. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул үйдө азыр сейил бакты жана мемориалдык комплексти караган күзөтчү жашайт.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына таңга жуук жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Анын 35и жергиликтүү тургун болсо, төртөө чет өлкөлүк учкучтар болчу.

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков учактын кыйрашынан улам жакындарынан айрылган балдар менен жолугуп, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептерин белекке берди.

Авиакырсыктан каза болгондордун сүрөттөрүн бул материалдан көрө аласыздар.

Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (221)

Тема боюнча

Дача айылына кулаган учактагы жүктүн ээси боюнча маселе кайра козголду
Жээнбеков Дача СУдагы каргашадан жакындарын жоготкон балдар менен жолукту
Белгилер:
кырсык, эстелик, учак, Дача СУ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ