Үңкүрдө наздана тамак жеп... Иорданиядагы өзгөчө ресторандын видеосу

Жазылуу
Ресторанга айланган үңкүрдүн 60 миллион жылдык тарыхы бар.

Иорданиялык Жорж Хаддадин аттуу геофизик байыркы үңкүрдүн ичине ресторан ачып, жердештерин таң калтырды.

Өзүнүн айтымында, үңкүрдүн 60 миллион жылдык тарыхы бар.

"Алгач бул жерди көргөндө музей ачсамбы деп ойлодум. Бирок иорданиялыктар музейге кызыкпай турганына көзүм жетти. Ал эми караңгы үңкүрдү ресторанга айландырууга 10 жылдай убакыт кетти", — деди Хаддадин.

Ресторан Ходок - Sputnik Кыргызстан
Дубайдагы ресторан желбей калган тамак үчүн айып пул киргизди
Өзгөчө ресторандын ээси коноктор кызыгып сураган учурда аларга бул жайдын тарыхы, геологиялык жана тектоникалык абалы тууралуу баяндап берет.

Видеодо көрүнүп тургандай, үңкүр конокторго толугу менен көрүнүп турушу үчүн полдору айнектен жасалган.

Кардарлар ресторандын ичине кирери менен тамактанууга келгенин унутуп калып, көпкө чейин тегеректи карап, таң калып отурарын айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0