Бишкекте эл ташыган маршрутка жол кырсыгына кабылды. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгы 12-январда 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде саат 20:50лөр чамасында болгон.

Бишкекте Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа менен жүргүнчү ташыган маршрутка кагышкан видеону күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналы аркылуу билдирди.

ДТП в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Унаа кырсыгынан кийин эмне кылуу керек? Жол милициясынын кеңеши
Анын айтымында, минивэн Горький көчөсү аркылуу батыш тарапты көздөй кетип бараткан. Ал 7-Апрель көчөсүнөн бурулуп жатып, жүргүнчү ташыган маршрутканы өткөрбөй койгон, натыйжада ага барып урунган.

Бишкек шаардык милициясы жол кырсыгы болгонун ырастап, эч ким жабыркабаганын билдирди.

Чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө берилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Маршрутка менен минивэн айып короого киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0