06:39 19 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.8048
  • EUR79.1935
  • RUB1.0794
Видео

Калифорния жетекчисинин инаугурациядагы сөзүн упчу эмген уулу бөлүп койду. Видео

Кыскача шилтеме алуу
847 0 0

Калифорния (АКШ) штатынын жаңы шайланган губернатору Гэвин Ньюсом инаугурация маалында сүйлөп жатканда сахнага упчу ээмп, колуна жалаяк кармаган уулу чуркап чыкты.

Жаңы жетекчи үй-бүлөнү коргоо, билим берүү тууралуу сүйлөп жатканда элдин көңүлүн анын эки жашар баласы буруп алды.

Алгач аны атасы колуна алган, бирок көп өтпөй эле наристенин түшүр дей баштаганын байкоого болот. Андан соң бала сахнада ары-бери басып, алып кетүүгө аракет кылган агасы менен апасына жолобой койгон.

​Баланын кылыгы залда отургандардын күлкүсүн келтирди. Акыры апасы аны колунан тартып көтөрүп кеткенде эл кол чаап узаткан.

Гэвин Ньюсом 2018-жылдын 6-ноябрында болгон шайлоодо жеңип алган. Кызматына расмий түрдө 7-январда киришти.

Тема боюнча

Жүрөк канайт... Көзү азиз кыздын Путин менен маектешкен видеосу
Белгилер:
сахна, инаугурация, наристелер, Калифорния, АКШ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ