Кой-Ташта уланды коюп кетип из жашырган жолтандабас видеого түшүп калган

Жазылуу
Жаракат алган 19 жаштагы жигиттин томугу сынып, ооруканада жатат.

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жолтандабас 19 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жабырлануучунун тууганы кабарлап, кырсык учурунда тартылып калган видеону жиберди.

Регионы России. Республика Тыва - Sputnik Кыргызстан
Чычкан ашуусунда эки унаа кагышып, төрт киши жабыркады
Кадрдан көрүнгөндөй, төрт бала унаа жолго чыгып, алардын бири имараттын экинчи кабатынан ыргытылган топту кармайт. Ал жолдун аркы тарабына өткөндө артынан дагы экөө чуркайт. Бирөө жолдун ортосуна жеткенде Mitsubishi үлгүсүндөгү жолтандабас сүзүп кеткен.

Унаа токтоп ичинен бир нече адам жана айдоочу чыккан. Бирок алар жардам бербей, бери жактагы кишилер токтотууга аракет кылганына карабай качып кеткен.

Жаракат алган бала ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын тизе томугу сынып кеткенин билдирген.

Окуя 4-январда саат 16.45тер чамасында болгон. Ал эми Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери 8-январда окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ооруканага барып бала менен жолуккан. Жолтандабастын айдоочусу табыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0