01:37 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Видео

Премьер: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)
510301
© Пресс-служба правительства КР

Абылгазиев жол кыймылы эрежелерин бузгандыгы үчүн жазаны катаалдатуучу жаңычылдыктар коомчулукта ар түрдүү реакцияны жаратканын белгиледи.

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жана сот-укуктук реформалоо алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев жол кыймылы эрежелерин бузгандыгы үчүн жазаны катаалдатуучу жаңычылдыктар коомчулукта ар түрдүү реакцияны жаратканын белгиледи.

"Бири аны жактаса, бири нааразычылыгын айтууда. Бирок биздин милдет — жолдор коопсуз болуп, адамдар кырсыктан тышкары болуусун камсыздоо. Өлкөдөгү айдоочулардын маданиятын өзгөртүүгө, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактай билүүсүнө жетишүүбүз керек. Жазаларды катаалдаштыруу көбүрөөк айып пул салууга эмес, жолдордогу тартипти сактоого багытталган", — деди Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле мурда жазалоо жагына басым жасалса, күчүнө кирген мыйзамдарда аларды гумандаштырууга басым жасалгандыгын айтты.

"Айрым ченемдер катаалдаштырылган болсо да, алар милдеттүү болуп саналат жана өлкөнүн ар бир жараны аларды аткарышы абзел. Жарандарыбыз жазадан эч ким кача албастыгын түшүнүүсү маанилүү", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиевдин айтымында, Эреже бузуулар жөнүндөгү кодексте каралган жалбырактарды, тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды белгиленбеген жерде өрттөө, ошондой эле түкүргөндүгү үчүн жаңы айыптардын киргизилиши коомдо кызуу талкуу жаратты. Кодекстин өзү парламентте узак талкуудан кийин кабыл алынып, анда түкүрүнүү айып менен толукталган.

"Албетте, биз жарандарда коомдук аң-сезимдин жана коомдо жүрүм-турум тажрыйбасынын калыптанышына өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Айып салуу – бул объективдүү чара. Өсүп келе жаткан муундун тарбиясы үчүн коомдо жүрүм-турум эрежелерин өз балдарына сиңире турган ата-энелердин, улуулардын чоң жоопкерчилиги бар экенин эскерте кетем. Элибиз ар дайым тазалыкты сүйгөн жана жаратылышка, айлана-чөйрөгө аяр мамилеси менен айырмаланып келген. Биз өсүп келе жаткан муунга туура үлгү көрсөтүүбүз керек. Кыргызстандыктардын аң-сезими өсүүдө жана өлкөбүздө шаарлар коопсуз, көчөлөр жана короо-жайлар таза болушу керек", — деди ал.

Абылгазиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калк арасында жаңы киргизүүлөрдүн маңызы тууралуу маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошол эле учурда айыптарды башкаруунун так механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Тема:
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)

Тема боюнча

Бишкекте жерге түкүрдү деген аял менен милиционерлер жакалаша кетти. Видео
Тамеки чегүүгө болбой турган жерлер. Мыйзамдагы урунттуу учурлар
Белгилер:
мыйзам бузуулар, эреже, түкүрүү, жаза, Мухаммедкалый Абылгазиев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ