Валентина Шевченко Кыргызстандын футболчуларына жеңиш каалады. Видео

Жазылуу
UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Азия чемпионатына катышып жаткан Кыргызстандын футбол командасына ийгилик каалады.

Видео Футбол федерациясынын Facebook баракчасына жарыяланды.

"Кыргызстандын улуттук командасына Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ийгилик каалайм. Жеңиш күтөбүз", — деди Шевченко.

Кыргызстандын футбол командасы биринчи ирет континент чемпионатынын финалдык бөлүгүнө катышып жатат. Бүгүн улуттук курама Кытай менен ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0