13:47 24 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7419
  • EUR78.8293
  • RUB1.0936
Видео

Абылгазиев: айып пулдун жогорулатылышы - кырсыктын алдын алуу чараларынын бири

Кыскача шилтеме алуу
177 0 0
© Пресс-служба правительства КР

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3-январдагы өкмөттүн жыйынында 2019-жылдын 1-январынан айрым укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруучу бир катар жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө киргендигин айтты.

Кеп анын ичинен жол кыймылынын эрежелерине кирген өзгөрүүлөр, тагыраагы, ичип алып айдагандарга салынган айып пул туурасында жүрдү.

"Бул чаралар биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Тартип бузган жактар тийиштүү жаза алышы керек. Жол кыймылы эрежелерин бузуулар көбүнесе айлана-чөйрөдөгү адамдардын жашоосу үчүн коопсуздук жаратат. Айып пулдун жогорулатылышы кырсыктын алдын алуу чараларына кирет. Эреже бузуучулар жоопкерчиликти сезиши керек, жеке талап кое билбесек, тартип болбойт", – деди Абылгазиев.

Абылгазиев жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулду жогорулатуу сыяктуу демилгелер боюнча түшүндүрүү иш-чараларын күчтөндүрүү туурасында айткан.

"Биз үчүн элдин коопсуздугу абдан маанилүү, эл арасында киргизилип жаткан жаңычылдыктар тууралуу бурмаланган маалымат таркатылууда. Ошондуктан мамлекеттик органдар киргизилип жаткан жаңылыктардын максат-милдеттери тууралуу ыкчам жана жеткиликтүү түшүндүрүүсү керек", – деди Абылгазиев.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта Жолдо жүрүүнүн кээ бир эрежелерин бузгандагы айып пулдардын суммасы өзгөртүлүп, мас болуп автоунаа айдагандар 17 500 сомдон 55 миң сомго чейин чыгары айтылган.

Тема боюнча

Премьер Абылгазиев айып пул тууралуу: тартип бузгандар жазасын алышы керек
Мас болуп айдасаңыз эми... 55 миң сомго чейин айып төлөйсүз. Жаңы эреже күчүнө кирди
Белгилер:
айып пул, өкмөт, Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ