Жээнбеков: асыл максаттарга ыймандуу бийлик, ынтымактуу коом болгондо гана жетебиз

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы куттуктоосунда Жаңы 2019-жылдын босогосун аттаар учурда элди куттуктоо өзгөчө сыймык экенин айтты.

"Кадырман калайык калкым, өтүп бараткан жылда сиздерге берген убадаларымды аткаруу үчүн иштедим. Өлкө аймактарын түрө кыдырып, сиздер менен баарлаштым, коомубуздун ар кайсы өкүлдөрү менен жолуктум. Кандай иш болбосун сиздердин колдооңуздарды сездим. Баарыңыздарга чын пейилден чыккан ыраазычылыгымды билдирем", — деди Жээнбеков.

Президент быйыл элет жерине өзгөчө көңүл бурулганын, аймактарда чоң өзгөрүүлөргө карай чечкиндүү кадамдар жасалганына токтолду.

Андан сырткары, Жээнбеков Кыргызстандын аброю бекемделгенин белгиледи.

"Эл аралык аренада мамлекетибиздин аброюн бекемдедик. Евразия экономикалык биримдигинде өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган иштерди жасадык. Стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз Россия менен ар тараптуу достук мамилени чыңдадык. Коңшулар менен болгон карым-катнашыбызды жаңы баскычка көтөрдүк", — деди ал.

Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билчү белеңиз? 2019-жылы кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртчү нерселер
Жээнбеков өтүп бараткан жылдагы дагы бир жагымдуу жагдай катары Айтматовдун 90 жылдыгынын белгиленишин атап, залкар жазуучу, гуманист, философ, планетардык масштабдагы инсандын юбилейи дүйнө коомчулугу менен бирге белгиленгенин айтты.

Президент, андан сырткары, колу туткак, элдин ырыскысына кол салган ыймансыз чиновниктерден тазалануу уланарын, жаңы жылда соттук, укуктук реформалар ишке аша баштарына токтолду.

"Кыргызстан жаңы чыныгы укуктук мейкиндикте жашоого кадам таштайт. Өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн узак жана орто мөөнөткө стратегиябызды аныктап, багытыбызды, басар жолубузду тактадык. Келечекке карата бийик максаттарды белгиледик. Бул асыл максаттарга, ыймандуу бийлик, ынтымактуу коом болгондо гана жетебиз. Мен үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок, ар бир жумуш күнүм, ар бир саатым элимдин жашоосун жакшыртууга арналат", — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, эл менен чогуу жаштар, урпактар сыймыктанчу өлкөнү, адилет коомду, таза бийликти, өнүккөн Кыргызстанды куруу башкы максаты экенин баса белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0