Карылар менен кароосуз калгандарга кол кабыш кылган милиционер. Видео

Жазылуу
Ал алты жылдан бери кызы менен чогуу карылар менен жетимдерге кайрымдуулук кылып келет.

Милициянын капитаны Зарина Керезбекова 10 жылдан бери Бишкектин Октябрь райондук милициясында өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекцияда иштейт. Ал эми алты жылдан бери Ленин районунун аймагындагы Карылар үйүнө жардам берип келет.

"Жыл сайын жаңы жыл алдында кызым экөөбүз карыялардын маанайын көтөрүп, жардам берүү үчүн келебиз. Адатта карылар эмнеге муктаж экенин, канча киши бар экенин алдын ала билип алам. Беш жыл мурда 78 киши болчу, азыр 41и бар", — деди ал.

Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык Тайсондун жашыган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Уулум элдин балдарындай сүйлөп кетсе... Кыргызстандык "Тайсондун" жашыган видеосу
Быйыл жаңы жыл алдында бул жерде жашаган ар бир кишиге жылуу байпак берген. Андан сырткары, тепкичке салуу үчүн атайын килем тартуулаган. Керезбекова ошондой эле жетим балдарга, майыптарга да кол сунуп келет.

"Карыларга керектүү нерселерди алып келип турам. Ошондой эле Жал кичирайонундагы майып балдардын "Омега" үйүнө барам. Ата-энеси таштап кеткен балдарга боорум ооруйт, ошондуктан жардам берем. Кыргыз элим, балдарыңарды таштабагыла, ата-энеңерди жалгыз калтырбагыла деп кайрылгым келет", — деди Керезбекова.

Ал ошондой эле карылар үйүндө жашагандардын айрымдары дайым кароого муктаждыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0