“Лукойлдун” подрядчысынын топ-менеджери өлтүрүлдү. Лифтиде болгон кылмыштын видеосу

Жазылуу
61 жаштагы эркек кишинин бычакталган сөөгү Москвадагы Гарибальди көчөсүндө жайгашкан үйдүн лифтисинде түн ичинде табылган.

“Лукойлдун” подрядчы компаниясынын негиздөөчүсү киши колдуу болгонун РИА Новости жазды.

Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда 4 жашар кыз зордукталып, жети жашар бала менен аял муунтуп өлтүрүлгөн
Тергөө комитети интернетке кылмыш учуру түшүп калган видеону жайгаштырды. Анда топ-менеджер бир аял менен лифтиге түшүп жатканы көрүнүп турат. Бир нече мүнөттөн кийин кабина этажга кайтып келет. Ачык турган эшиктен кара күрмө кийип, бет кап тагынган адамдын жерде жаткан эркек кишини карап турганын көрүүгө болот. 61 жаштагы адамдын бычакталган сөөгү түн ичинде Москвадагы Гарибальди көчөсүндө жайгашкан үйдүн лифтисинен табылган.

РИА Новости укук коргоо органдарындагы маалымат булагына таянып, каза болгон киши “Мастер-Нефть” компаниясынын директорлор кеңешинин өкүлү Шалва Шаляхов экенин жазды. Ачык маалыматтарда Шаляхов компаниянын негиздөөчүсү экени айтылат.

Кылмышка шектүү жаран кармалды. Адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0