Укмуш го! Кытайдагы мейманканада элди роботтор тейлеп жүрөт

Жазылуу
Кытайдагы Alibaba компаниясы өзгөчө мейманкана ачты. Ал келечектин отели деп аталды.

Видеодон конокторду тирүү киши эмес, темир кызматкерлер тейлеп жүргөнүн көрүүгө болот. Роботтор конокторго тамак алып келип берип, каттап жана башка кызматтарды аткара алышат.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Дүйнөгө белгилүү болгон Alibaba Group уюму бул кадамы менен келечекке дагы бир нече мезгил жылгандай болду.

Бул интернет айдыңында, социалдык тармактарда бир топ кызыгууларды, талкууларды жаратып, таңгалгандар арбын болууда.

Буга чейин Япониянын окумуштуулары келбети адамга окшош роботторду жасай баштаган маалыматтар интернет ааламына тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0