Көзүңдү ала албайсың! Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу жаңы ролик тартылды

Жазылуу
Ак музга оронгон аскалар, жер алдынан оргуган ысык суу, үйүр-үйүр кийиктер...

Мунун баарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти тарттырган Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу роликтен көрө аласыз.

"Видео өлкөнүн бардык аймактарында тартылды. Ал аркылуу туристтерди ажайып Кыргызстаныбызда кышкысын кантип көңүл сергитип, энергия топтоого болорун көрсөтүүнү максат кылдык", — дешти департаменттен.

Ролик эки мүнөткө созулат.

Кадрдагы ак карлуу тоолор, жаа бою качкан кийиктер жана жаратылыш койнунда ырахат алган туристтердин жүзүн көргөндө баарын таштап, тоо тарапка учуп кеткиң келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0