Бишкекте жеңил унаа өрттөнүп кетти. Жеринен тартылган видео

Жазылуу
Чыгыш автобекетине жакын жерден Audi 100 үлгүсүндөгү унаа 26-декабрь күнү саат 15.20лар чамасында өрттөнүп кетти.

Командно-штабные учения на стадионе Казань-Арена - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта үйдөн өрт чыгып, 91 жаштагы абышка көз жумду
Бишкекте Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде Audi 100 үлгүсүндөгү унаадан өрт чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, WhatsApp-каналы аркылуу видео жөнөттү.

Өрт 26-декабрь күнү саат 15.20лар чамасында чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы окуя болгонун ырастады. Өрт саат 15.58де өчүрүлгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз, тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0