Белден жааган кар. Көлдүн алыскы айылдарына барчу жолдор тазаланууда. Видео

Жазылуу
Мекеменин жалпысынан 11 техникасы бар.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Эңгилчек айылына бара аймакка белден кар жаап, учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу №11 Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Тариел Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, кар 21-декабрдан тарта жаай баштаган. Жолчулар үч күндөн бери тынымсыз иштөөдө.

"Каракол-Эңгилчек жолундагы Чоң Ашууда азыр бир метр кар жатат. Андыктан ал жерде бороон болсо эле жол жабылышы мүмкүн. Ошон үчүн азыр анда эки бульдозер иштеп жатат. Андан сырткары, фронталдык погрузчик иштөөдө. Ал эми райондун дагы бир алыскы айылы Жыргалаңга да кар калың жаады. Учурда анын калыңдыгы жарым метрге жетет. Азыр жол ачык. Кеңейтүү иштери башталды", — деди Жаныбеков.

Ал мындан сырткары, Каракол — Раздольная жолу, Боз-Учук — Жыргалаң жолу да ушундай абалда экенин, аталган аймакта 7 техника иштеп жатканын кошумчалады.

Мекеменин жалпысынан 11 техникасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0