Жүрөк канайт... Көзү азиз кыздын Путин менен маектешкен видеосу

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин 17 жаштагы Регина Парпиева аттуу кыз менен маек курду.

Өлкө башчы менен көзү азиз кыздын маеги 20-декабрь күнү "Мени менен кыялдан" долбоорунун алкагында ишке ашты.

Россиядагы ыктыярчылар форумунда оорулуу балдар президентке кат жазып, балатыга илишкен. Алардын арасынан Путин бир нече катты тандап алып, балдардын кыялын ишке ашырды.

Ежегодная большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
Путин үйлөнөр-үйлөнбөсүн айтты
Нижний Новгороддо туулган Регина сегиз жашында оптикомиелит илдетине кабылып, көзү көрбөй калган. Дүйнөдө мындай илдетке 300дөй адам кабылса, анын ичинен отуздайы балдар.

Регина жилик чучугун алмаштырып, донордукун койдурган дүйнөдөгү жалгыз бала.

20 мүнөттүк маекте ал Владимир Путинден кантип өлкө башкарып калгандыгын, бул иштин түйшүгү тууралуу биле алды. Ошондой эле президенттин жаңы жылдык тилегин сурады.

Маектен кийин кыз президентке өз колу менен жасаган статуэтка белек кылса, Путин ага электрондук гаджет жана концертке чакыруу кагазын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0