"Кыргыз чоролору" үч талап койду. Кытай элчилигиндеги митингдин видеосу

Жазылуу
Бүгүн, 20-декабрда, Бишкектеги Кытай элчилигинин алдына 100гө чукул киши тынчтык митингин өткөрдү. Алар "Боордош эл, биз силер менен!", "Дүйнө эли, зомбулукка каршы бириккиле!" деген сыяктуу лозунгдарды жана Кыргызстандын желегин көтөрүп келишкен.

Чогулгандар бири-бирин тартипти сактоого жана провокацияга алдырбоого үндөп, тынчтык акциясына келгенин билдиришти. Митингди "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси уюштурган. Алар митингге үч талап менен чыкканын айтышты.

Ал төмөндөгүдөй:

1. Кытайдагы улуттук азчылыктарга карата зордук-зомбулук токтотулсун! Этникалык кыргыздардын тарбиялоочу лагеринде кармалышынын себептери жана мыйзамсыз аракеттери тууралуу ачык-айкын жарыялансын!

2. Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жүргөн чет өлкөлүк жарандар 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетсин!

3. Чет өлкөлүктөрдүн соңку 10 жыл ичинде алган Кыргызстандын жарандыгынын мыйзамдуулугун тактоо максатында коомдук уюмдардан, жарандык активисттерден жана мамлекеттик органдардан турган атайын комиссия түзүлсүн!

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кытайдагы этникалык кыргыздар боюнча: кыйкырганда чечилсе мен чыгат элем
Митингдин катышуучулары кезектешип сөз сүйлөп өз ойлорун ортого салышты. Аягында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасы Замир Көчөрбаев биринчи талаптагы "Кытайдагы этникалык кыргыздардын камалышынын себептери ачык айтылсын!" деген кайрылууну Кытай элчилигинин өкүлүнө тапшырды. Андан соң баары тарап кетишти.

Элчиликтин тегерек-четинде милиция кызматкерлери туруп, коомдук тартипти көзөмөлдөп жатты. Тынчтык митинги эки саатка уланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Кытайдагы этникалык кыргыздардын маселесин чечүүгө дипломатиянын эң жогорку мамилеси керектигин белгилеген

Жаңылыктар түрмөгү
0