Мотоцикл айдап бараткан кызды уй секирип келип тоголото тепти. Видео

Жазылуу
Окуя Парагвайда болгон.

Парагвайда жолдо өтүп бараткан жаныбарлардан буйтап өтүп кетем деген мотоциклчен кызды уй секирип келип тепти. Окуянын видеосун The Daily Mail басылмасы жарыялады.

Научно-исследовательский центр разведения панд в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы зоопаркта "машыккан" панда. Жылмаюу тартуулаган видео
Маалыматка ылайык, окуя Капьята шаарынан анча алыс эмес жерде болгон.

Видеодо жолдо өтүп бараткан уйларды буйтап өтүп кетем деген мотоциклчен кызды көрүүгө болот. Ал жай баракат келе жаткан учурда тиги жээкке жакындап калган уйлардын бири чуркап келип секирип бир тепкен. Соккудан кыз жерге кулап түшүп, бактыга жараша, олуттуу жаракат алган эмес.

Бул видео саналуу күндөрдүн ичинде эле социалдык тармакка жайылып, интернет колдонуучулар уйду кун-фунун чебери экен деп да сыпаттап жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0