Көзү азиз акын Талантбек Жолдошбеков: ырларым өзүмө эми жага баштады

Жазылуу
Акын Талантбек Жолдошбековдун калемине таандык ырлар жыйнагынын диски чыкты. Акындын ырларын классика музыкасынын коштоосунда алып баруучу, диктор Айгүл Курманова окуп, опера ырчысы Замира Мавлянова дискти чыгаруу иштерин уюштуруп берген.

Акын Жолдошбеков чыгармачылыкка бала кезинен бери аралашып келет.

"Мектеп босогосун аттай электе эле ыр жаратчумун. Телевизордон акындардын чыгармаларын угуп таасирлендим. Орус тили, адабиятынан мугалимдерим күчтүү болду. Бара-бара ыр жазуу техникасын өздөштүрдүм. Таң калганым, азыр ырларымды угуп көрсөм, өзүмө жага баштады", — деди өнөрпоз.

Ал эми Мавлянова ага Курманова ырларды чыгаруу боюнча идеясын айтканда дароо колдоого алганын айтат.

"Ойлонбой туруп макул дедим. Ырларды биздин мектептин студиясынан жаздырып, дискке көчүрүп, авторго белекке бердик. Мындай ырлар эл арасында жашашы керек", — деди ырчы.

Ошондой эле чыгармалардын мазмуну көңүлүнө төп келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0