Көзгө илинип-илинбей учкан НЛО. Нью-Йорктун үстүнөн тартылган видео

Жазылуу
Далил катары жай көрсөтүлгөн видеодо анын канаттары жок, түсүнүн кара экендиги билдирилген.

АКШнын аскерлери дагы бир НЛОну видеого тартып алышты - Sputnik Кыргызстан
АКШнын аскерлери дагы бир НЛОну видеого тартып алышты
Интернет тармагында Нью-Йорк шаарынын үстүнөн катуу ылдамдыкта өтүп кеткен диск түрүндөгү объект видеого түшүп калган. Аны көптөр "учуучу тарелканын бар экендигинин далили" катары айтып жатышкандыгын Express билдирген. 

Видео YouTube каналына жайгаштырылды. 

Басылма анын жүргүнчүлөрдү ташыган учак эместигин жазган. Далил катары жай көрсөтүлгөн видеодо анын канаттары жок, түсүнүн кара экендиги айтылды.

Белгилүү уфолог Скотт Уоринг "Бул — Нью-Йорк штатында башка планеталыктардын бардыгынын далили" деген билдирүү жасаган. Мындан сырткары, ал объект булуттардын үстүнөн учкандыктан кандайдыр бир канаттуу же дрон эместигинен кабар берерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0