Кызматкер аялдын чачын уйпалап. Еврокомиссиянын президенти Юнкердин окуясы

Жазылуу
Еврокомиссиянын президенти өзүнүн капыстан жасаган окуялары менен эсте калып келет.

Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер Евробиримдик лидерлеринин саммитинде аялдарга адаттагыдан башкача мамилеси менен көптөрдүн көңүлүн бурду. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

YouTube каналына жайгаштырылган видеодон Юнкердин кызматкеринин чачын кармалап жибергенин көрүүгө болот. 

Париждеги жыйын: уктаган король, угуп отурган спикер Дастан Жумабеков. Видео - Sputnik Кыргызстан
Париждеги жыйын: уктаган король, угуп отурган спикер Дастан Жумабеков. Видео
Андан ары баратып эшиктин алдында турган дагы бир кызматкер аялдын бетинен өпкөн. Көз салып тургандарды таң калтырган дагы бир кадамы — үшүп кеткендей элес калтырып, бир нече аялдардын арасынан дагы бир кызматкеринин колун сылагандыгы болгон.

Жыйын 2018-жылдын 14-декабрында өткөн.

Ал эми маалымат жыйын башталаар алдында Юнкер колунда турган бир топ документтерди жерге чачып таштаган.

Еврокомиссиянын президенти өзүнүн капыстан жасаган окуялары менен эсте калып келет. Октябрдын башында Брюсселдеги иш-чаралардын биринде бийлегендей кыймыл жасап, Британия премьер-министри Тереза Мэйдин кыжырына тийген.

Жаңылыктар түрмөгү
0