Икрамов: депутаттардан чек арачыларга чейин кош жарандыгын текшерүү керек. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мамлекеттик маанилүү кызматта, укук коргоо органдарында иштегендердин кош жарандыгын текшерип чыгуу учурдун талабы экенин парламенттин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда көтөрдү.

Депутат Кыргызстан үчүн мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугунан өткөн маанилүү маселе жоктугун айтып, беш сунуш киргизди.

Биринчи сунушунда ал мамлекеттик кызматкерлер арасында кош жарандыгы барларды аныктап, аларды мыйзам алдында ачыкка чыгаруу жана жарандыгынан ажыратуу керектигин белгиледи.

"Биз бул кадамды тез арада иш жүзүнө ашырбасак, мамлекетти башкарууда коркунучтарга жол беребиз. Мисалы, "Кыргыз темир жолуна" Казакстандын жараны болгон киши орун басар болуп келди. Стратегиялык маанидеги мекемеге башка мамлекеттин жаранын коюп жатабыз. Биз да күч органдарында иштеп кош жарандыгы барларды аныктабасак, мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна шек жарала берет ", — деди ал.

Депутаттын экинчи сунушу — Жогорку Кеңештин депутаттарынын кош жарандыгын кайрадан карап чыгуу. Анткени акыркы окуялар көрсөтүп жаткандай, депутаттардын арасынан башка мамлекеттин жарандары чыгып жатат.

Новоизбранный мэр Оша Таалайбек Сарыбашев - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын мэри Сарыбашев Россиянын жараныбы? Калаа башчысынын жообу
Үчүнчү сунуш — укук коргоо органдарынын, анын ичинде ИИМ жана чек ара кызматында иштегендердин кош жарандыгын аныктоо. Эл өкүлүнүн ырасташынча, бүтүндөй дүйнөдө бул маселе курч болуп, айрым учурда эки мамлекеттин саясий тирешүүсүнө чейин жетип жатат.

Эл өкүлүнүн төртүнчү сунушу – бул саясий партиялардын түзүүчүлөрүнүн жана жетекчилеринин жарандыгын да кароо. Анткени парламенттик-партиялык башкаруу системасында бул абдан орчундуу маселе.

Икрамов маалымат коопсуздугун дагы айтты. Ал белгилегендей, 2010-жылдагы июнь окуялары көп нерсени айкындады. Андыктан маалымат коопсуздугун камсыздоодо сырттан каржыланган массалык маалымат каражаттарын түзүүчү жана уюштуруучулардын жарандыгын кароо керек. УКМК сырттан гранттык негизде каржыланган басмаканалардын, ЖМКлардын ишмердигине тыгыз көз салышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0