20:10 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Видео

Премьер Абылгазиев экс-каржы министри Касымалив эмнеге кеткенин айтты. Видео

Кыскача шилтеме алуу
49610
© Sputnik / Эмиль Садыров

Адылбек Касымалиев декабрдын башында кызматтан алынган болчу.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экс-каржы министри Адылбек Касымалиевдин иштен кетиши тууралуу түрдүү пикирлер айтылып жаткандыктан ал боюнча так маалымат берүү зарылдыгын белгиледи.

"Касымалиевдин кетиши боюнча ар кандай кептер айтылып жатат. Ал киши 3,5 жыл каржы министри болуп иштеди. Бул абдан жоопкерчиликтүү жана оор жер. Бардык маселе ушул каржы министрлиги аркылуу чечилет. Акча экономиканын каны болгондон кийин бул киши дайыма пульста турат. Ал жакшы иштеп берди, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей, өзү да аралашкан жок. Бирок "ден соолугум аябай начарлады, уруксат берсеңиздер башка жакка деле барып иштегенге макул элем" деп өз каалоосу менен кетти. Ошону мен силерге ачык айтып коёюн. Ал кишини өкмөттө, же башка жерде колдонгонго мүмкүнчүлүктөр бар", — деди Абылгазиев.

Жогорку Кеңеш 12-декабрдагы жалпы жыйынында каржы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды.

Тема боюнча

Масалиев: балким Каржы министрлигине ажыдаар киши керектир. Видео
Жогорку Кеңеш Бактыгүл Жээнбаеваны каржы министри кызматына жактырды
Белгилер:
Каржы министрлиги, Бактыгүл Жээнбаева, Мухаммедкалый Абылгазиев, Адылбек Касымалиев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ