Караколдогу “Ак-Тилек” базарында өрт чыкты. Видео

Жазылуу
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарында өрт чыкканы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. 

Өрт өчүргүчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында өрттөн эки киши каза болду
Ал ошондой эле WhatsApp-каналы аркылуу окуя болгон жерден видео тартып жиберди.

Ал эми ӨКМ кырсык болгонун ырастап, чакыруу саат 19:16да түшкөнүн маалымдады. Жерине эки өрт өчүрүүчү унаа барып кечки саат 20:16да өрттү толугу менен өчүргөн. 

ӨКМден билдиришкендей, өрттүн кесепетинен бир контейнер күйгөн. Жабыркагандар жок. 

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0